Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашкан Айкөл Манас эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда эстеликтин постаментинин дубалын орнотуу жана жабдуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, постаменттин жалпы бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, кээ бир бөлүктөрү 2,5 метрге чейин кууш болот.
Айкелдин өзү 10,3 метр бийиктикте. Анын конструкциялык бөлүгү монолиттүү темир-бетондон тургузулат.
Реконструкция иштерин подрядчы компания — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧК аткарууда. Долбоорго «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси автордук көзөмөл жүргүзүп жатат.
Мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгына аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү камсыздоону тапшырды.