Бишкек мэри энергияны үнөмдөө шартында коомдук жайлардын иштөө тартибин тактады

18.11.2025 | 10:47

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардагы бардык коомдук жайлар ишин уланта берерин, бирок массалык иш-чаралар саат 22:00дөн кечикпестен аяктоого тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу ал шаардык кызматтар менен өткөргөн жыйында айтты.

Анын айтымында, акыркы учурда жүргүзүлгөн рейддер электр энергиясын керектөөнү азайтууга жардам берген: 10 млн 45 кВт/с чейин лимит болгонуна карабастан, буга чейин шаар 11 млн кВт/с ашык электр энергиясын колдонуп келген, азыр болсо керектөө 9 млн 375 миң кВт/с түздү. Ошентип Бишкек белгиленген лимитке толук кирди.

Мэр белгилегендей, мэрия кызматкерлери катуу чараларды колдонгон эмес жана бизнестин электр жарыгын же суусун өчүргөн учурлар болгон эмес.

«Бардык коомдук жайлар иштей берет, бирок иш-чаралар 22:00гө чейин аякташы керек», — деди ал.

Ошону менен бирге Жунушалиев чакан кафе жана ресторандар 22:00дөн кийин да иштей аларын, бирок алардын ээлерине электр энергиясын үнөмдөп, энергияны сактоо режимин киргизүү сунушталганын кошумчалады.

Эске салсак, 13-ноябрда Бишкек мэри жеке өзү ресторан жана барларды кыдырып, тынчтык жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын жана электр энергиясын үнөмдөө тартибин текшерген.

Ал эми Ош мэри Жеңишбек Токторбаев 22:00дөн кийин иштеген кафе жана ресторандарды бир айга жабуу буйругун берген.

Рейддерден кийин президент Садыр Жапаров эки шаардын мэрлеринин аракеттерин сынга алган.

Scroll to Top