Бишкек мэриясы мыйзам бузуу менен пайдаланылган жер тилкелерин кайтарып алды

Бишкек мэриясы мыйзам бузуу менен пайдаланылган жер тилкелерин кайтарып алды

Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын 20-июнундагы №147 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылган бир катар жер участокторунун мурдагы ижара укуктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган токтом менен шаардагы төрт райондо жайгашкан жер участоктору боюнча буга чейин кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылды. Себеби — максаттуу багытын бузуу, пайдаланбоо жана шаар куруу эрежелерин сактабастык.

Тартип бузулган мисалдар:

Биринчи Май району:

  • «Трансэнергопромресурс» ЖЧКсына убактылуу берилген жер тилкеси 5 жолу сатылып, бирок пайдаланылбай калган;
  • Панфилов-Киев көчөлөрүндөгү дүкөнгө берилген участокто банк кеңсеси жайгашкан;
  • Горький-Тыныстанов көчөлөрүндөгү жерлерде курулуш башталбай калган.

Свердлов району:

  • Москва жана Ибраимов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үй курууга берилген участок пайдаланылбай калган;
  • Жибек-Жолу проспектиси жана Ауэзов көчөсүндөгү жер тилкелери башка максаттарга колдонулууда.

Октябрь району:

  • Токомбаев көчөсүндөгү үй курула турган участокто жеке бала бакча жайгашкан;
  • Юнусалиев көчөсүндөгү жана №7 кичирайондогу бир нече участок өздөштүрүлбөй калган.

Ленин району:

  • Манас-Токтогул көчөсүндөгү участокто банк жайгашып, багыты бузулган;
  • Дэн Сяопин жана М.Гвардия проспектиси сыяктуу даректерде да жерлер уруксатсыз пайдаланылууда.

Шаардык кызматтарга Мэриянын тапшырмасы:

  • Жер тилкелерин бошотуу;
  • Курулуштарды бузуу;
  • Ижара келишимдерин бир айлык мөөнөттө инвентаризациялоо.

Ошондой эле, коомдук көзөмөлдү жана мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн Бишкек шаары боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгына жана шаардык прокуратурага тиешелүү сунуштар берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жерлерди мыйзамдуу пайдаланууну камсыз кылуу иштерин улантарын белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>