Бишкек мэриясы өзбекстандык «Hyper Partners» ишканасы менен инвестициялык келишимге кол койду

Бишкек мэриясы өзбекстандык «Hyper Partners» ишканасы менен инвестициялык келишимге кол койду

Министрлер кабинетинин атынан Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбекстандын «Hyper Partners» ишканасынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Келишимде борбор калаада көп функционалдуу комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Аталган комплексте төмөнкүлөр болот:

  • заманбап бизнес борбору;
  • турак жай жана соода аймактары;
  • мейманканадагы батирлер;
  • соода жана коомдук тамактануу объектилери;
  • эс алуу зоналары, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлары бар көрктөндүрүлгөн аймак.

Долбоор шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Долбоордо ошондой эле Октябрь районунун №8 МАБнын аймагында аянты 3,3519 га болгон окуу комплексин куруп, мамлекетке өткөрүп берүү каралган. Билим берүү комплексинде 25 миң кишиге ылайыкталган мечит жана диний билим берүү мекемеси болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>