Бишкек мэриясы Түлебердиевдин эстелигиндеги жулуп кетишкен тамгаларды калыбына келтирди

Бишкек мэриясы Түлебердиевдин эстелигиндеги жулуп кетишкен тамгаларды калыбына келтирди

Бишкек мэриясы Чолпонбай Түлебердиевдин эстелигиндеги жулуп кетишкен тамгаларды калыбына келтирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгисиз адамдар Түлебердиевдин эстелигиндеги тамгаларды жулуп кетишкени тууралуу мэрияга кабар түшкөн.
Эстеликке башында габбролук тамгалар коюла тургандыгын пландалып жаткан. Бирок азырынча убактылуу таштан жасалган тамгалар чегилген.

«Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгалардан башка дагы балдар аянтчасынын селкинчектеринин отургучтарын жана жаңы таштанды чакаларын уурдап кетишкен. Ал эми атайын пластик үчүн орнотулган бактар дагы талкаланган. Азыркы учурда парктын айланасына камера коюлуп жатат. Алар бир жуманын ичинде иштеп баштайт», — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Социалдык тармактын колдонуучулары жаңы орнотулган Чолпонбай Түлебердиевдин эстелигиндеги жазуулардын тамгалары тез эле түшүп калганын сынга алышып, түрдүү пикирлерди айтышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>