Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы жылуулук берүү маселесин эртең карайт

Бишкек шаардык мэриясы жылуулук берүү маселесин эртең карайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эртең күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штаб түзүлөт.

«Жакынкы күндөргө карата аба ырайын эске алуу менен маселе ошол жерде каралат», — деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин мэрия жылуулук берүү мезгили  5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө берилерин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version