Бишкек шаардык мэриясы жылуулук берүү маселесин эртең карайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эртең күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штаб түзүлөт.
«Жакынкы күндөргө карата аба ырайын эске алуу менен маселе ошол жерде каралат», — деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин мэрия жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан төмөндөгөндө берилерин билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз