Бишкек мэриясынын 2 кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкек мэриясынын 2 кызматкеринен коронавирус табылды

Бишкек шаарынын мэриясынын эки кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына жазды. 

“Мэриянын аппаратында иштеген 2 адамдан бул илдет чыкты.  Башкы бухгалтерибиз ал отпускада болчу үйүндө. Уюуштуруу бөлүм башчысы үйүндө. Азырынча жеңил өтүп атат. Калаа башчыбыз Суракматов  жана менин анализим таза чыкты. Ага карабай Дүйшөнбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп атабыз. Маска кийгиле, аралыкты сактагыла, санитайзер колдонгула. Жабык жерлерден, эл көп чогулган жерлерден качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы. Оору ылгабайт, эч кимди тандабайт”, — деп жазган Түлөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>