Бишкек —Нарын — Торугарт автожолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду, арасында өспүрүм бар. Бул тууралуу Репортерге Чүй облустук Жол коопсузук кызматынын өкүлү Тимур Миршакиров билдирди.
Маалым болгондой кырсык бүгүн 25-октябрда, аталган автожолдун 34-чакырымында катталган.
“Кырсык тууралуу маалымат 16:40та келип түштү. «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу баштыштан чыгышты көздөй баратып жол жээгине коопсуздук үчүн коюлган тосмо дубалды (бордьюр) сүзгөн. Кырсыктан 3 адам жеринде каза болуп, эки адам ооруканага жеткирилген”, — деди Миршакиров.
Аталган кырсыктын видеосун жолдон өтүп бараткан жүргүнчүлөр да тартып алышкан.