Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды
05.03.2026 | 16:04

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Учурда аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу кыймыл камсыздалды.
Ошол эле учурда министрлик бул тилкеде кар көчкү түшүү коркунучу сакталып жатканын эскертти. Мындан улам атайын техникалар жана жолчулар нөөмөттө турат.
Министрлик жол кыймылынын катышуучуларын сак болууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом