Бүгүн Бишкек шаардык автомобиль-жол коллежинде люстра кулап кетти деген маалыматтар социалдык тармактарда тарап кеткен. Reporter.kg ге аталган окуу жайдын админстрациясы бул маалыматты тастыктады.
Көрсө, ата-энелердин жыйналышы болуп жаткан маалда люстра капысынан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 ата-эне жабыр тартып, учурда бейтапканага алып кетишкен. Ошол эле маалда Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери да чакырылып турак-жайдын абалын текшерип жүрүшөт.