Бишкек-Ош унаа жолунда 64 жаштагы эркек киши жөө адам өтүүчү жол чийинден жаранды сүзүп, жеринен из жашырып кеткен. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июнь күнү саат 23.00 чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон. Анда белгисиз жаран Боксо-Жол айылынын тургунун сүзүп кеткен. Ал оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Милиция кызматкерлери «Коопсуз шаардын» камераларынын жардамы менен Бишкек шаарынын жашоочусун кармашкан.