Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Япониялык компания менен келишимге кол койду.
Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, долбоордун алкагында Бишкек — Ош унаа жолунун 400-чакырымына узундугу 750 метр болгон тоннелди курууга Япониянын Takenaka Civil Engineering компаниясы менен контракттык келишимге кол коюлду.
Курулуш иштерин 2025-жылдын июнь айында баштоо пландалууда.