Чүй облсунун Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) “ Honda Stepwgn” жана “Nissan Cefiro» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада бир киши каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т. А . аттуу эркек киши каза болуп, эки мырза ар кандай жаракат алышкан. Учурда алардын өздүгү такталууда.
Кырсык катталган жерге 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.