Бишкек — Ош жолунда BMW унаасы катары менен эки жол кырсыгын жасады, эки адам каза болду

Бишкек–Ош жолунун Жайыл районунда бир эле BMW үлгүсүндөгү унаа катышкан эки жол кырсыгы катталды. Экинчи кырсык трагедиялуу аяктады.
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, биринчи кырсык кечээ саат 23:56 чамасында болгон. BMW үлгүсүндөгү жол тандабас Ford маркасындагы унаа менен кагышып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Арадан 24 мүнөт өткөн соң, болжол менен саат 00:20да, ошол эле BMW чоң жолдо алдыда келе жаткан Renault жүк ташуучу унаасын сүзгөн.
Катуу соккудан улам жол тандабас катуу жабыркап, анын айдоочусу — 32 жаштагы эркек киши, жана 20–25 жаштардагы аял жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болушкан. Каза болгон аялдын өздүгү азырынча тактала элек.
Учурда эки жол кырсыгы боюнча тең иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык жагдайлар аныкталууда.