Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө алынды

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө алынды

«Арал» постунда оор жүк ташуучу автоунааларга саат 8:00 баштап чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда Бишкек-Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык.

Эскерте кетсек, кечээ «Сосновка» жана «Арал» постунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө аба-ырайына байланыштуу чектөө киргизилген.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочулар «112» бирдиктүү номери аркылуу жолдогу акыркы кырдаал тууралуу маалымат алып, андан соң узак жолго чыгууну сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>