Бишкек — Ош автожолунун 163-чакырымында “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 4 адам каза болуп, 11 адам жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында жаш балдар бар.
“Кырсык 24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Суусамыр өрөөнүндө болгон. ӨКМдин куткаруучулары жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп жазылат маалыматта.