Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Атамбаевди 26-авгутска чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камоо чечимин чыгарган.
Слесаревдин айтымында шаардык соттун чечими мыйзамсыз болгон.
Баары болуп Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгон. Бирок Атамбаев тергөөгө көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартууда. Анын 120 мүлкү камакка алынганын Башкы прокуратура билдирген.