Бишкек шаардык соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган Биринчи Май райондук сотунунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Шаардык сот мындай чечимди 16-декабрда кабыл алган.
Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 5-июлда Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аны актаган. Ошондой эле экс-министрдин сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан чыгарылган.
Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык” беренелери боюнча айып тагылган.