Бишкек шаарындагы №93 бала бакча мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы №93 бала бакча мамлекетке кайтарылды

Чет өлкөлүк уюмдун жеке менчигине мыйзамсыз чыгарылып кеткен Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндө жайгашкан №93 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аталган бакчанын жалпы аянты — 872,8 чарчы метр, ал эми тиешелүү жер тилкеси — 32 сотых.

Маалыматта айтылгандай, 1995-жылы аталган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчик статусун сактоо менен чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жайгаштыруу үчүн Тышкы иштер министрлигинин карамагына мыйзам бузуу аркылуу өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Андан ары 1999-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ТИМге бала бакчанын имаратын дипломатиялык статусу жок чет өлкөлүк уюмга сатууга макулдук берген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 18-декабрындагы чечими менен №93 бала бакчаны сатып алуу-сатуу келишими жараксыз деп табылген. Ошентип, аталган бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>