Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жаңы кызматкерлерди кабыл алат

05.11.2025 | 11:28

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык инспекция кадрлар резервине тандоо жүргүзүү үчүн ачык конкурс жарыялады. Бул тууралуу маалыматты инспекциянын басма сөз кызматы Reporter.kg агенттигине билдирди.

Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыяланды. Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө жаатында башкы административдик топтун адистери, тактап айтканда, инспекторлор керек.

Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 4–13-ноябрына чейин мамлекеттик “е-Kyzmat” порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ru электрондук форматта жүргүзүлөт.

Талапкерлер Кыргыз Республикасынын жараны болушу, жогорку билими жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде бир жылдык тажрыйбасы же адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы болушу керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондор: 0708 511 702, 0312 620 286.

Scroll to Top