Бишкек жана Куала-Лумпур шаарлары экологиялык өнүгүү жана туризм жаатында кызматташат

Бишкек жана Куала-Лумпур шаарлары экологиялык өнүгүү жана туризм жаатында кызматташат

Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында, Бишкек жана Куала-Лумпур шаарларынын мэрлеринин тарыхтагы алгачкы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолугушууда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Куала-Лумпур шаарынын мэри Маймура Мохд Шариф кызматташуу тууралуу документке кол коюшкан. Бул келишим эки борбор калаанын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналары айтылды.

Тараптар төмөнкү негизги багыттар боюнча кызматташууну макулдашышкан:

  • экологиялык жактан туруктуу өнүгүү жана шаардык пландоо;
  • маданий алмашуу жана туризмди өнүктүрүү;
  • тарыхый мурастарды сактоо;
  • эффективдүү муниципалдык башкаруу.

Бул маанилүү окуянын урматына мэрлер достуктун жана “жашыл”, туруктуу шаарлардын символу катары биргеликте көчөт отургузушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>