Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБинин аймагында өрт чыкты

ТЭЦ Бишкека

Бишкек ЖЭБинин аймагында 2-февралда өрт чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ЖЭБдин аймагында конвейер лента күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге саат 12: 55те үч өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү. Саат 13: 25те өрт локалдаштырылган. Азыр өрттү толугу менен жоюу иштери жүрүп жатат.

«Электр станциялары» ААК 2-февралда Бишкек ЖЭБинде күйүүчү майды сактоочу кампага түшүрүү үчүн жер астындагы конвейердеги электр монтаждоосунда кыска туташуу болгонун билдирди. Жеке курам жабыркаган жок. Учурда кабелдик линиялардын бүтүндүгү текшерилип жатат.

Exit mobile version