Бишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилди
12-февралда № 1 депонун аймагында борбор калаанын муниципалитетине жаңы техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 заманбап автобустун жана 42 бирдик атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Yutong маркасындагы 12 метрлик жаңы автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) программасынын алкагында сатылып алынган. Коомдук транспорттон тышкары, бюджеттик каражаттардын эсебинен шаардык кызматтар үчүн атайын техника сатылып алынды, алардын катарында:
- авариялык бригадалык унаалар;
- өзү төгүүчү унаалар (самосвалдар) жана гидрокрандар;
- JAC T-6 унаалары;
- траншеялык вибротокмоктогучтар (виброкатоктор).
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев техниканы жаңылоо шаардык чөйрөнү жакшыртуу боюнча системалуу иштин бир бөлүгү экенин белгиледи. МинКаб Төрагасы мэриянын экологияга жана тургундардын ыңгайлуулугуна багытталган ишке ашкан долбоорлорун: 17 миңден ашык бак-дарак отургузууну, таштандыларды зыянсыздандыруучу заманбап заводду ишке киргизүүнү, ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну эске салды.
«Бүгүнкү техниканы тапшыруу — бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңылоодогу дагы бир маанилүү кадам. Муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантылат», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Министрлер кабинетинин башчысы муниципалдык кызматтардын кызматкерлерин жаңы унааларды аяр иштетүүгө чакырды. Анын айтымында, техниканын ар бир бирдиги — бул шаар тургундарына кызмат кылып, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү маанилүү ресурс.
Жаңы техникалардын келиши шаардык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, борбор калаанын жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча алардын күнүмдүк ишин жеңилдетери күтүлүүдө.