Бүгүн, 1-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды. Анда Кыргызстандын 121 жараны мекенине кайтып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Аталган авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар «Манас» аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча иштер уланууда.