Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Нургазы Курманбеков борбор калаанын отун-энергетика комплекси маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалганын шаардык мэрия кабарлады. Ал бул кызматка мурда пара алуу фактысы боюнча кармалган Таалайбек Байгазиевдин ордуна келди.

Нургазы Курманбеков буга чейин Бишкек ЖЭБинин директору болуп иштеген. Аны вице-мэрлик кызматка дайындап жатып, мэр Айбек Жунушалиев жаңы орун басарды мыйзамды так сактоого чакырды.

“Иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Эгер мыйзам бузуу болсо, мурдагы жетишкендиктер жоопкерчиликтен куткарбайт”, — деди Жунушалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн башка вице-мэр Жамалбек Ырсалиев да кармалып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мэрди кадр тандоодо дыкат болууга чакырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>