Бишкекте №166 автобустун ичинде чет элдик жаран каза болду

Бишкекте №166 автобустун ичинде чет элдик жаран каза болду

Бишкекте 24-июлда автобуста бараткан чет элдик жаран каза болду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге мэриянын жана Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы ырастады.

Мэриянын маалыматы боюнча, №166 автобус Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй баратып, Үмөталиев көчөсүнө жеткенде 55-60 жаштагы жаран өзүн жаман сезген. Автобустун айдоочусу тез жардам чакырган. Тилекке каршы жүргүнчү дарыгерлер келгенге чейин эле каза тапкан.

Бул окуя тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаган.

Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, маркум 54 жаштагы С.М. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык эспертиза дайындалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>