Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен У. Салиева көчөсүнө чейин толук жабылышына байланыштуу №169, №104 жана №146 автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, учурда аталган көчөдө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.