Бишкек шаарында №34 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Буга чейин аталган автобус Курманжан-Датка көчөсү – Жибек-Жолу проспектиси – Ибраимов көчөсү — Чуй проспектиси менен жүрчү. Эми каттам Курманжан Датка, Салиева көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү жана Чүй проспектиси менен өтөт.