Бишкекте №55 жана №56 автобустардын каттамы өзгөрөт (график)

Бишкекте №55 жана №56 автобустардын каттамы өзгөрөт (график)

8-апрелден тарта Бишкек шаарындагы №55 жана №56 автобус каттамдарынын кыймылы жарым-жартылай өзгөрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жүргүнчүлөрдүн жолго кеткен убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында автобус каттамдары төмөнкүдөй өзгөртүлгөн:

  • №55 каттам:  «Чоң-Арык – Маевка МАБ» багытында каттайт. Буга чейин автобус Семетей көчөсү жана Айланма жол аркылуу каттаса, эми ал Жибек-Жолу проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү аркылуу жүрөт.
  • №56 каттам: «Чоң-Арык – Аламүдүн-1» багытында каттайт. Буга чейин автобус айланма жол (кольцевой) схема менен жүрсө, эми ал Байтик Баатыр, Жумабек, У. Салиева жана М. Ауэзов көчөлөрү аркылуу каттайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>