Бишкекте №62 мектепте окуучулар эвакуацияланды. Милиция эмне дейт?

Бишкекте №62 мектепте окуучулар эвакуацияланды. Милиция эмне дейт?

Бишкек шаарындагы №62 мектеп гимназиясында дагы окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге күбөлөр билдирди.

Жерине милиционерлер келишти. Мектеп Тыныстанов жана Донецкий көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Бишкек ШИИБден шаардагы мектептерге жардыруучу заттар коюлду делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-декабрда саат 07:49да №4 орто мектептин имаратына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кат келип түшкөн.

Бул тууралуу мектеп жетекчилиги укук коргоо органдарына кабарлаган. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланып, имарат курчоого алынган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жана райондук бөлүмдүн жетекчилиги дароо окуя болгон жерге барышкан. Келгенден кийин милиция мектептин аймагын курчоого алган. Мектеп окуучулары жана кызматкерлери эвакуацияланган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек ШИИБ 9-10-декабрында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин бардык мектептеринде сабактардын санын кыскартуу боюнча мэрияга кат жөнөткөн. Буга байланыштуу учурда борбордогу мектептердин окуучулары үйлөрүнө жөнөтүлдү.

“Бишкек шаарындагы мектептерге жардыруучу зат коюлду делген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>