Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага түштү

Бишкекте 21 адам «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан жеген шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, 21 адам ууланган тез татым жайлары Чүй менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Учурда шаурмага ууланган 15 адам Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган. Алардын экөө кичинекей балдар. Дагы 6 адама амбулатордук түрдө дарыланууда. … Читать далее Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага түштү