Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага түштү

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага түштү

Бишкекте 21 адам «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан жеген шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21 адам ууланган тез татым жайлары Чүй менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Учурда шаурмага ууланган 15 адам Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган. Алардын экөө кичинекей балдар.

Дагы 6 адама амбулатордук түрдө дарыланууда.

Аталган борбордун кызматкерлери аталган тез татым жайларына барып, даяр шаурма, азык-түлүктүн үлгүлөрүн изилдөө үчүн алып кетишкен. Ошондой эле аталган 2 тез татым жайына 72 миң сом айып салынып, санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча жабылган.

Андан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандардын уулануусуна байланыштуу чогулуш өткөргөн. Министрлик шаардагы тез татым жайларын пландан тышкары текшерип чыгуу тууралуу буйрук чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>