Бишкекте 225 үй-бүлө ипотекалык батирге ээ болду

Бишкекте 225 үй-бүлө ипотекалык батирге ээ болду

Бүгүн Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында 225 жаранга ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды. Турак жайлар Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу жаңы комплексте орун алган.

Аталган 15 кабаттуу үйлөрдө заманбап автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы, жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Жапаровдун иш-чарада сүйлөгөн  сөзү:

“Ар бир адамдын үй-жайга ээ болушу — бейпил жашоонун, коопсуздуктун жана келечекке болгон ишениминин негизи. Ак өргөөңөр кут болсун, коломтоңордун оту өчпөсүн!” — деди.

Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, “Менин үйүм” программасы аркылуу жалпысынан 70 миңге жакын батирдин курулушу башталган, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турат.

Учурда ипотекалык батирге кезекке тургандардын саны 58 миңден ашат, ал эми 10 миңден ашуун үй-бүлө буга чейин турак жай менен камсыз болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>