Бишкекте «Акыйкатчы» жөнүндө мыйзам боюнча талкуу өтүүдө

Бишкекте «Акыйкатчы» жөнүндө мыйзам боюнча талкуу өтүүдө

Бишкекте 18-19-сентябрда «Кыргызстандын акыйкатчысы» жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, сунушталып жаткан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институту менен биргеликте иштеп чыккан. Ал Жогорку Кеңештин алты фракциясынын башчылары тарабынан демилгеленген. 30-июнда долбоор коомдук талкууга чыгарылган.

Акыйкатчы институту сунушталган конституциялык мыйзам долбоору боюнча БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү менен консультация өткөрүшүп, алар долбоор боюнча жакшы пикирлерин билдиришкен.

«Мыйзам долбоору боюнча жарандык коомдон жана эл аралык уюмдардан бир катар сунуштар түштү, алар эске алынды. Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу Акыйкатчы институтуна Борбор Азияда алгачкылардан болуп «В» макамынан «А» макамына аккредитациядан өтүш үчүн билдирме тапшырууга мүмкүндүк бермекчи. Бул болсо өз кезегинде өлкөнүн имиджине жана мамлекеттин өнүгүшүнө укуктук, экономикалык багытта да, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыздоодо да оң таасирин тийгизет», — деп билдирет аталган институт.

Коомдук талкуунун жүрүшүндө акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган долбоордо Париж принциптерине шайкеш келүү каралганын белгилеп өттү.

«Сунуш кылынган долбоор Париж принциптерине толук шайкеш келүүнү толугу менен карайт. «А» статусуна жетишүү максатында долбоордо принциптүү механизмдер камтылган жана келечекте Омбудсмен институту Адам укуктары боюнча кеңеште кеңири укуктарга жана катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. «А» статусу аккредитацияланганда Омбудсмен Кеңештин бардык жыйналыштарында болууга жана катышууга укуктуу, ошондой эле бардык жыйналыштарда оозеки билдирүүлөр менен жеке же видеобайланыш боюнча катышууга укуктуу болот. Азыркы учурда «В» статусунда Омбудсмен GANHRI чогулуштарына гана катыша алат, бирок добуш бере албайт жана жетекчи кызматтарды ээлей албайт. Мындан тышкары, «А» статусунда өз өлкөсүндө адам укуктары жагындагы кырдаалга көз салуу жана ал жөнүндө кабарлоо жана мамлекет адам укуктары жагынан өзүнүн өзүнүн милдеттенмелерин аткарышына жардам берүү жана улуттук деңгээлде адам укуктары жагынан эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча консультация берүү мүмкүнчүлүгү болот»,— деди ал.

Омбудсмендин кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында мыйзам долбоорунда жобо каралып, ага ылайык омбудсмен жана анын орун басарлары саясий партияларда болууга, саясий максаттарды көздөгөн кандайдыр-бир саясий партияларды же башка коомдук бирикмени колдоп же каршы чыгууга укуксуз болот.

Мындан тышкары, долбоордо акыйкатчыга Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын жыйналыштарына кеңеш берүү, добуш укугу менен катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>