Бишкекте бүгүн, 8-мартта Аялдардын тилектештик маршы өттү. Жүрүш Ак Үйдүн алдында башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды.
Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын бири чачын өрүп, андан соң чачын кыркып салды. Ал мындай кадамын айымдар кандай кааласа, ошондой жашоого укуктуу экендигин далилдегиси келгени менен түшүндүргөн.