Бишкекте бир нече алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек ШИИББдин кызматкерлери бир нече алдамчылыкка шектелген аялды кармашты.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын маалыматына караганда, ушул жылдын октябрь айында таанышы А.А. Теңдик жашыл массивинен жер тилкесин алууга жардам көрсөтөм деп, алдамчылык менен анын 500 миң сомун алып кеткен.
Акча алынгандан кийин А.А. убадаларын аткарбай качып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдик-издөө иш-чараларынын натыйжасында 50 жаштагы А.А. аныкталып, кармалды жана учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында жатат.
Тергөө анын кылмышка башка окшош аракеттерине да тиешеси бар экенин аныктаган.
Бишкек ШИИББи эгерде шектүүнүн аракетинен жабыркагандар болсо же кошумча маалыматка ээ болсо, төмөнкү номерлерге кабар берүүнү өтүнөт: 0 (702) 07-12-63, 0 (700) 95-80-65, 102.