Бишкек шаарынын аймагында 26-февралдан 4-мартка чейинки аралыкта 43 кылмыш жана жоруктардын бети ачылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уурулук боюнча 4 факты, тоноо 2, ээнбаштык 17, үй-бүлөлүк зомбулук 15, башка жоруктар менен 5 иш катталган.
Мындан тышкары, 26-февралдан 4-мартка чейин “102” номерине ар кайсы багыттар боюнча жарандардан 1 миң 332 чалуу түшкөн.