Бишкек шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин 4638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардан:
— мас абалында унаа башкаруу үчүн — 75 айдоочу;
— «тонировка» үчүн — 20;
— айдоочулук күбөлүгү жок, унаа башкарган — 49 айдоочу;
— «башка номер колдонгону» үчүн — 3;
— жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр же велосипедчилер — 124;
— башка укук бузуулар — 4367.
Айып короосуна 385 унаа киргизилген.