Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда бычакталып өлтүрүлгөн адамдын өздүгү аныкталды. Шаардык милициядан Reporter.kg`ге билдиргендей, маркум 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу адам болгон.
Бул факты Жазык кодексиндеги «Адам өлтүрүү» беренеси менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган адамдын өздүгүн аныкталган. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин таап, кармоо аракеттери көрүлүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 21-декабрь күнү саат 15:30да Арча-Бешик конушунда бычакталып өлгөн адамдын сөөгү табылган. Анын жүрөк тушунда жана кекиртегинде бычактын изинен калган жарааттары бар экендиги аныкталган.
Айрым басылмалар шектүү маркумдун уулу экендигин жазышууда.