Site icon Reporter.kg

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды

Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтака караганда, 9-октябрь күнү саат 03:00дөр чамасында Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте мурда дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган К.Х., аттуу баланы табышкан. Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин 29-сентябрда борбор калаанын тургуну А.К. шшол эле күнү эртең менен саат 7де үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбеген уулу К.Х.ны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдүн ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.  Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version