Бишкекте студенттер атомдук технологиялар жана космос боюнча билимдерин текшериштиБШК Күрмөнтүдөгү маданият үйүнө илинген талапкердин баннери боюнча комментарий бердиЭнергетика министрлиги эртең менен кечинде жарык өчүрүлбөй тургандыгын билдирдиКасымалиевдин Астанага сапары: көңүл борборунда экономика жана өнөктөштүкТашиев Кыргызстандагы мектептерде электр энергиясын эрте өчүрүүгө тыюу салдыЫсык-Көлдө жол кырсыгында 27 жаштагы айдоочу каза болду
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды
10.10.2022 | 09:37
Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтака караганда, 9-октябрь күнү саат 03:00дөр чамасында Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте мурда дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган К.Х., аттуу баланы табышкан. Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Буга чейин 29-сентябрда борбор калаанын тургуну А.К. шшол эле күнү эртең менен саат 7де үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбеген уулу К.Х.ны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Милиция кызматкерлери өспүрүмдүн ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар