Бишкекте документтери жок батир саткан компаниянын иши убактылуу токтотулду

10.11.2025 | 20:00

Кыргызстандын Өкмөтүнө караштуу Архитектуралык-курулуштик көзөмөл мамлекеттик департаменти ОсОО «Arcon» компаниясынын мыйзам бузушун аныктады.

Текшерүүдө компания керектүү уруксат кагаздары жок курулуш жүргүзүп, курулуш объектилеринин Реестрине каттоодон өтпөгөнү белгилүү болду. Ошол эле учурда «Arcon» социалдык тармактар аркылуу турак жайларды сатууга киришкен, бирок керектүү документтерди толуктап бүтүрбөгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын иши убактылуу токтотулуп, сатуу бөлүмү жабылды, материалдар ары қарай териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, мыйзамды бузган курулуш компаниялары катуу жоопкерчиликке тартылат. Бардык курулуш иштери мыйзам чегинде жүргүзүлүшү керек, ал эми курулуш объекти Реестрде катталбастан турак жай сатуу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана кылмыш жоопкерчилигин туудурушу мүмкүн.

Жарандарга турак жай сатып алууда объект Реестрде бар-жогун текшерип, курулуштун мыйзамдуулугу тастыкталгандан кийин гана келишим түзүү сунушталат.

Scroll to Top