Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы “Чынар” кичи базары жана “Ош” базарындагы “Кыял” кичи базары жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июндагы брифинг учурунда вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, аталган базарларда бүгүндөн баштап дезинфекциялоо иштери жүрөт.
Буга чейин “Орто-Сай” базары убактылуу жабылып, дезинфекциялоо жумуштары аткарылган.