Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды

Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге «Тазалык» ишканасынан ырасташты. Ымыркайды ишкананын кызматкерлери эмес, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары 8-ноябрда саат 23:30да байкашкан. Алар баланын үнүн угуп, милиция чакырышкан. Ымыркай суукта үшүп калган. Учурда абалы туруктуу. Октябрь райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, бөбөк №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Биздин Телеграм … Читать далее Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды