Бишкекте эркек киши ажырашкандан кийин мурдагы аялын атып салды

24.12.2025 | 09:53

Бишкекте үй-бүлөлүк чырдан улам каргашалуу окуя болду. Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде эркек киши мурдагы жубайын атып өлтүрдү.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, «102» кызматына чакыруу 23-декабрда болжол менен саат 21:00дө түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Свердлов райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, ошол күнү, 23-декабрда жубайлардын ажырашуу процесси болгон. Мурдагы жубайлар: 47 жаштагы У.Ж. жана 48 жаштагы У.Б. аттуу жарандардын ортосунда кайым айтышуу чыккан. Жаңжал учурунда эркек киши өзүнө катталган «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан аялын атып салган. Аля алган жаракатынан улам каза болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү У.Б.ны колго түшүрүштү. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Свердлов райондук милициясы адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top