Бишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды

Бишкекте көчөдөгү жаш балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип, эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартта саат 20:32де шаардын Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран жаш балдарга момпосуй таратканы жана алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Ошондой эле Ак-Ордо конушунун тургуну арыз менен кайрылып, анын 11 жаштагы кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган момпосуйлардын ичинен ийнелер табылганын билдирген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Н.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүнүн жашаган дарегин тинтүү учурунда момпосуйлар жана башка далил буюмдар табылып, алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Милиция жарандарды балдарга белгисиз адамдардан тамак-аш, таттууларды албоо керектигин түшүндүрүүгө жана шектүү жагдайлар байкалса, «102» кызматына кабарлоого чакырат.