Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу бейтаптарды кабыл алууга даяр

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу бейтаптарды кабыл алууга даяр

28-октябрда Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагында жайгашкан 100 орунга эсептелген оорукананын жаңы корпусунун ачылышы болуп өттү.

Штабдын маалыматына ылайык, объектти каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 77,5 млн сом акча каражаты сарпталган.

«Бул типтеги ооруканаларды куруу ыкмасы — уникалдуу долбоор жана Кыргызстандын аймагында биринчи жолу колдонулуп жатат. Бул объекттин курулушунда пайдаланган курулуш ыкмалары жана технологиялары бышык жана сапаттуу болгондуктан, оорукана кеминде 50 жылдан кем эмес убакыт элге кызмат кылат», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>