Бишкекте iPhone 13 Pro Max уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте iPhone 13 Pro Max уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте iPhone 13 Pro Max телефонун уурдоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда милицияга К.Б. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 18:30 чамасында Токтогул менен Б. Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар пальтосунун чөнтөгүнөн 124,5 миң сомдук iPhone 13 Pro Max телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип 39 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурдалган телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Телефон далил зат катары табылып, жабырлануучуга кайтарылды», – деп билдиришти милициядан.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>