12-февраль күнү Бишкектин Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа майын сактоочу кампа жана жанаша жайгашкан турак үйлөр өрттөндү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт саат 23:28де чектөөгө алынган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
[su_image_carousel source=»media: 20554,20555,20556,20557,20558″ crop=»none» autoplay=»4″]
Өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм, ИИМден 4 унаа 115 кызматкер, 3 суу ташуучу унаа, 3 бригада жана тез жардам кызматынан 2 бригада тартылган.